Өзгөндө 4 млн долларга кыш чыгаруучу завод курулду (сүрөт)
Бүгүн, 22-майда Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагындагы кыш чыгаруучу завод ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Завод жалпы аянты 5 гектарды түзгөн жерге курулган. Андан күнүнө 120 миңдей кыш чыгарылат. Жергиликтүү тургундар жумуш оруну менен камсыз болот.
Заводдун курулушуна “Иман Билдинг” ЖЧКсы тарабынан 4 млн доллар каржыланган.
Заводдун ачылыш аземине өкмөт башчы Адылбек Касымалиев катышты. Ал акыркы убакта өлкөдө курулуш иштери көп жүрүп жаткандыгын, мындан улам курулуш материалдара суроо-талап да көбөйгөнүн билдирген.
“Мамлекеттик ипотекалык компания бир катар көп кабаттуу үйлөр салып жатат. Буга кошумча биздин жарандар тапкан каражаттарын жеке үй салууга сарптап жатышат. Андыктан курулуш материалдарына болгон суроо-талап көп болууда. Бүгүнкү ишке киргизилип жаткан кыш заводу бул маселени чечүүгө өзүнүн салымын кошот”,- деген ал.
[image_carousel source=”media: 222839,222835,222836,222837,222838″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]