Ош облусунун Өзгөн районунда аялын сабаган жаранга кылмыш иши козголуп, кармалды. Бул тууралуу аталган облустун милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-мада Өзгөн райондук милициясына К.З. аттуу аял арыз менен кайрылып, зомбулук көрсөткөн жолдошуна карата мыйзамга ылайык чара көрүү өтүнгөн.
Бул факты каттоого алынып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык-экспертиза дайындалып, ошол эле күнү ага коргоо ордери берилген.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу З.К. ден-соолуктун бузулушуна алып келген жеңил жараат алганы аныкталган.
Мындан улам 10-июнда жабырлануучунун күйөөсү А.Ш.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция бүгүн, 12-июнда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иши жүрүп жатканын билдирди.
«Жакын арада тергөөнүн жыйынтыгы боюнча топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн сотко жөнөтүлөт»,- деп айтылат маалыматта.
Ош ШИИБи социалдык тармактардагы милиция кызматкерлери жабырлануучунун арызы боюнча ишти карабай жатат деген маалыматтары чындыкка дал келбээрин билдирип, жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырды.