Өзгөндө окуучулар мушташып, бири ооруканага кайрылган

Өзгөндө окуучулар мушташып, бири ооруканага кайрылган

Ош облусунун Өзгөн районунда эки мектеп окуучусу мушташа кетип, бири алган жарааттарынан ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 22-май күнү Өзгөн райондук милиция бөлүмүнө 14 жаштагы И.А. аттуу өспүрүм жарааттар менен ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында, 21 -май күнү Өзгөн шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуган И.А. жана И.Б. аттуу окуучулар өз ара пикир келишпестиктен уруша кеткендиги аныкталган. И.А. карата соттук медициналык экспертиза дайындалган. Бирок, И.А.нын атасы ошол күнү арыз жазуудан баш тартып, кайра 26-май күнү арыз менен кайрылган.

«Учурда окуяга күбөлөр суралып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат»,- деп билдирди милиция.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>