Өзгөндө соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелүүдө

14.08.2025 | 11:39

Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Т.Б.К. кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМКга Ж.С.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, аталган бөлүм башчыга карата чара көрүүнү суранган.

Арызда шектүү өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, жабырлануучуга WhatsApp аркылуу ар түрдүү адепсиз билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү жөнөткөнү жазылган. Ошондой эле шектүү күч колдонуу жолу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого, интимдик жакындыкта болууга мажбурлаганы айтылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 1-бөлүгүнүн (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Теги: УКМК
Scroll to Top