Өзгөндөгү айланма жол: 197 жана 77 метрлик көпүрөлөрдүн курулушу дээрлик аяктады

Өзгөндөгү айланма жол: 197 жана 77 метрлик көпүрөлөрдүн курулушу дээрлик аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жолдун курулушу быйыл жыл башында башталган. Учурда Жазы дарыясындагы узундугу 77,25 метрди жана Кара-Дарыя дарыясындагы узундугу 197,45 метрди түзгөн 2 чоң көпүрөнүн курулуш иштери аяктоо алдында турат.

Жолдун башка тилкелеринде иштер кызуу жүрүп жатканы кабарланды.

Жолдун жалпы узундугу 13,49 чакырымды түзөт. Курулуш иштерине 300 адам жана 92 техника тартылган.

Буга чейин аталган жол жыл аягына чейин бүткөрүлөрү маалымадалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>