Өзү иштеген банктан 8 млн уурдап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Өзү иштеген банктан 8 млн уурдап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте банктан мыйзамсыз акча чыгарып кеткен деп шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2-июнда милицияга банктардын биринин өкүлү арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, белгисиз адамдар банктан мыйзамсыз жол менен 8 млн 28,2 миң сом акча чыгарып кектен.

Аталган факт боюнча «алдамчылык» беренеси менен иш козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция шектүү катары 29 жаштагы Т.Т. жана 40 жаштагы Б.М. аттуу жарандарды кармады. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Милициядан билдиришкендей, кармалгандардын бирөө кылмыш жасалган учурда банкта иштеп турган. Ал жеке кызыкчылыгын көздөп кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө. Иликтөө иштери уланууда.

Милици шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0(708) 84-40-08, 0(702) 84-29-11, (702) 84-29-11,0(707) 55-77-87 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>