Пакистандын элчилиги канча жараны Кыргызстандан чыгып кеткенин айтты

Пакистандын элчилиги канча жараны Кыргызстандан чыгып кеткенин айтты

18-майдан бери Кыргызстандан 5 миң 500 Пакистандын жараны  бекер жана коммерциялык учактар менен учуп кетишти. Бул тууралуу Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүк 18-майдан 25-майга чейин 4 миң студент менен байланышкан.

Пакистан өкмөтү Бишкектен жарандарын ташып жаткан бекер учакты токтотту.

«Бишкекте кырдаал турукташты. Бекер авиакаттам токтоду, коммерциялык учактар өз тартибинде жүрүп баштайт», — дейт элчилик.

Белгилей кетсек, 18-майда Бишкекте чет элдиктерге каршы митинг өтүп, тополоң чыкты. Анын жыйынтыгында 15 чет элдик жаран жабыркаган.

Ички иштер министрлиги массалык башаламандык,  бейбаштык, тоноо,  каракчылык жана расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козгоо беренелери менен иш козголгон.

Билим берүү министрлигинин маалыматында, Өлкөдө 28 миң чет элдик студент бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>