Пакистандын премьер-министри Трансафган транспорттук коридорунун маанилүүлүгүн белгиледи

04.09.2025 | 15:08

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Трансафган транспорттук коридор долбоорун ишке ашыруу Пакистан үчүн маанилүү экенин билдирген. Бул тууралуу «ТАСС» маалымат агенттиги билдирди.

Шахбаз Шариф жолугушууда 2024-жылдын июль айында Астанада өткөн жолугушуудан кийин өлкөлөр ортосундагы мамилелер туура нукта өнүгүп жатканын, муну делегациялардын өз ара сапарлары, анын ичинде 2024-жылдын октябрында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин Исламабадга жасаган иш сапары да бекемдегенин айткан.

Ошондой эле ал Путинге эки өлкө ортосунда айыл чарба, металлургия, темир жол курулушу жана транспорт тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюлганын билдирген.

Жолугушууда Беларус, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Ооганстан жана Пакистанды бириктирген транспорттук коридорду түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулган.

Scroll to Top