Жаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя бергенТажикстанда ЖККУнун атайын бөлүктөрүнүн «Кобальт-2026» машыгуусу өтөтЧума: Саламаттык сактоо министрлиги оорунун белгилери жана алдын алуу чаралары тууралуу айтып берди
Кыргызстан кара металл сыныктарын ташып чыгууга убактылуу тыюу салды
04.09.2025 | 14:53

Министрлер кабинети кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, ошондой эле кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу металл калдыктарын жана куймаларын Кыргызстандан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө чектөө киргизилет.
Тыюу салуу документ расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ал эми токтом кабыл алынгандан үч күндөн соң иштей баштайт.
Бул чара ички рынокту камсыз кылуу жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү максатында кабыл алынганы белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика