Өкмөт ломбарддардын ишин уюштуруунун жаңы талаптарын бекиттиМанас шаарында “Фуркан” диний кыймылынын 20 мүчөсү кармалдыТоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтБишкекте Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Эмне талкууланып жатат?Бишкекте жеке менчик автомектептин жетекчиси бир айга камалдыОш облустук төрөт стационары 87,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү
Пакистандын президентти Кытайдын вакцинасын алгандан кийин коронавирус жуктуруп алды
30.03.2021 | 16:05
Пакистандын президенти Ариф Алви кытайлык “Sinopharm” вакцинасы менен эмдөөдөн өткөндөн кийин коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги расмий баракчасына жарыялады.
“Менден COVID-19 илдетинин оң көрсөткүчү чыкты. <…> Вакцинанын 1-дозасын алганмын, бирок антителолор бир жумадан кийин сайылган 2-дозадан кийин пайда боло баштайт. Этият болуңуздар”, – деп билдирүү калтырган.
Пакистандын президенти 19-мартта коронавируска каршы кытайлык “Sinopharm” вакцинасы менен эмдөөдөн өтүп, 70 жаштан жогоркулардын арасында эмделген алгачкы адам болду.
Белгилей кетсек, Пакистандын премьер-министри Имран Ханда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин илдет жуктурганы аныкталды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар