Танзанияда президентти акыркы сапарга узатуу зыйнатында 45 адам каза болду

Танзанияда президентти акыркы сапарга узатуу зыйнатында 45 адам каза болду

Танзаниянын маркум президенти Жон Магуфулини акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы элдердин тыгынынан кеминде 45 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, маркум менен коштошуу зыйнаты Танзаниянын ири шаары Дар-эс-Саламдагы Ухуру стадионунда өттү. 21-мартта өткөн коштошуунун экинчи күнүндө, аза күткөндөр эл толгон стадионго, башка эшиктен кирүүгө умтулуп, тыгындар башталган. Натыйжада 45 адам каза болуп, дагы 37 адам жаракат алышкан.

Магуфули 61 жашында Дар-Эс-Саламдагы ооруканада 17-мартта көз жумган. Вице-президент анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгонун айткан. Ал эми опозиция жана Батыш медиасы Танзаниянын президентти коронавирус илдетинен каза болгонун билдирип келет.

Белгилей кетсек, буга чейин Магуфули өлкөсүндө коронавирус жок экенин айткан. Танзаниянын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19га каршы вакцина албай турганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>