Пандемия учуру. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда баа тездик менен өсүүдө

Пандемия учуру. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда баа тездик менен өсүүдө

Пандемия өкүм сүрүп турган маалда ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө баалар жана тарифтер көтөрүлүп жатат. Статистика комитетинин маалыматына караганда, эң эле чөң көрсөткүч Кыргызстанда катталды.

Февралга салыштырмалуу мартта инфляциянын көлөмү Арменияда — 0,5%,Беларуста — 0,9%, Казакстанда — 0,9%,Кыргызстанда — 1,5%, Орусияда — 0,6% түздү.

Эгер март айын декабрь менен салыштырсак, абал төмөндөгүдөй:

  • Армения — 1,7%
  • Беларус — 2,7%
  • Казакстан — 2,3%
  • Кыргызстан — 2,7%
  • Орусия — 1,3%.

Жыл башынан бери Кыргызстанда баарынан көп азык-түлүк товарлары (алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки продукцияларын эске алганда) кымбаттап, жогорулоо 5,2% түздү.

Эл аралык валюта фондунун божомолдору боюнча 2020-жыл Кыргызстан экономикасы үчүн акыркы 25 жылдан берки эң оор учур болот. Жыл соңунда ички дүң өнүмдүн өсүшү 4% чейин төмөндөшү мүмкүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>