Пара алып жаткан адвокат кармалды – сүрөт

Пара алып жаткан адвокат кармалды – сүрөт

Пара алып жаткан адвокат кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалымата караганда, Ош облусундагы Өзгөн районунда 24-декабрда

40 миң сом пара алып жаткан жеринен А.К. аттуу жактоочу кармалды.

Жактоочу А.К. мүлк талашына байланыштуу жарандык иш боюнча маселени оң жагына чечип берүү максатында Өзгөн райондук сотунун судьясына берүү үчүн 120 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

[su_image_carousel source=»media: 52772,52773,52775″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>