Париж-2024. Бүгүн Жуманазарова алтын үчүн, Шаршенбеков коло үчүн күрөшөт

Париж-2024. Бүгүн Жуманазарова алтын үчүн, Шаршенбеков коло үчүн күрөшөт

Бүгүн, 6-августта Париждеги Олимпиада оюндарында балбан кыз Мээрим Жуманазарова алтын үчүн, грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшөт.

Жуманазарованын финалдагы атаандашы америкалык Амит Элор болот. Буга чейин эки балбан кыз күрөшкөн эмес.

Мээрим Жуманазарова 24 жашта. Ал — Олимпиада оюндарынын коло байге ээси, дүйнө жана Азия чемпиону, Азия биринчилигинде бир ирет күмүш, эки жолу коло тагынган, Азия оюндарынын коло байгесине татыган.

Анын атаандашы Амит Элор 20 жашта. Ал буга чейин 72 кг салмакта күрөшүп келген. Бул салмакта эки жолу дүйнөнүн чемпиону болгон, Пан-Америка биринчилигин уткан. Олимпиадага катышуу үчүн 68 кг салмакка түшкөн.

Жоламан Шаршенбековдун коло үчүн беттештеги атаандашы азырынча белгилүү боло элек. Ал ирандык Мехди Мохсен Нежад менен кубалык Кевин Ди Армастин кармашында жеңишке жеткен балбан менен күрөшөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>