Парламент Башкы прокурорлукка Зулушевдин талапкерлигин жактырды

21.10.2020 | 18:41

Бүгүн, 21-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогору Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө.

Анда бүгүн отставкага кеткен Өткүрбек Жамшитовдун ордуна – башкы прокурорлукка Курманкул Зулушевдин талапкерлиги каралды. Анын жыйынтыгы менен депутаттардын көпчүлүгү, 84 депутат колдоп 1 депутат каршы добуш берген.

Курманкул Зулушевди башкы прокурорлукка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров сунуштаган.

Scroll to Top