Сулайманов: Жапаровдун тизгин талашкан Токтогазиевди сунуштаганы бул бийиктик

Сулайманов: Жапаровдун тизгин талашкан Токтогазиевди сунуштаганы бул бийиктик

Бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогору Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө.

Анда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлиги каралууда. Токтогазиевге депутаттар суроо берүүдө, алардын катарында сөз алган «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Садыр Жапаровдун андан өкмөт башчылыкты талашкан Тилек Токтогазиевди министрликке сунуштаганы бул бийик адамдык сапаттын белгиси экендигин айтты.

«Өкмөт башчылыктын тизгинин талашкан Тилек Токтогазиевди министрликке Садыр Нуркожоевичтин сунуштаганы бул бийиктик. Эми бийиктик кылып иштөөгө мүмкүнчүлүк бергиле. Тилек отуз жашта экен, эгер анын ордуна жыйырма беш жаштагы башка бала келсе да колдомокмун. Азыр жаштар келиши керек. Тилек азыр таза ар кандай оюндарга барбайт. Реформа жасайм деп атыпсыз кудай колдосун. Бизге жаштар, жүрөгү тазалар керек», — деди Сулайманов.

Белгилей кетсек, бүгүн эле айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кызматтан алынган. Анын ордуна жалгыз талапкер катары Тилек Токтогазиев сунушталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>