ЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты
Парламент Кутнаева, Баатырова жана Бейшеналиевдин министр болушун колдоду
13.09.2023 | 13:21
Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Алымкадыр Бейшеналиев, Нурия Кутнаева жана Гүлнара Баатырованы министр кызматтарына дайындоо маселеси каралып, депутаттар алардын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, парламент Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Нурия Кутнаеваны санариптик өнүктүрүү министри жана Гүлнара Баатырованы эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоону колдоду.
Эми аталган үч талапкерди министр кызматына дайындоо тууралуу жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол коет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом