Президент 4 талапкерди судьялык кызматка дайындады

Президент 4 талапкерди судьялык кызматка дайындады

Садыр Жапаров судьялык кызматка талапкерлерди жергиликтүү сотторгоо дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан президентке Чүй жана Ош облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 6 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.

«Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчысы судьялык кызматка 4 талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду.

Ал эми 2 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, бул талапкерлер боюнча материалдарды кеңешке кайтарды», — деп айтылат маалыматта.

Сот болуп дайындалгандар:

– Ош облусу:

Өзгөн райондук соту

Култаева Нурила Дүкөнбаевна;

Кара-Кулжа райондук соту

Карабекова Элмира Чондошовна;

Ош шаардык соту

Кумашев Жолдошбек Ильясович;

– Бишкек шаары

Бишкек шаардык соту

Молоев Дамир Жоомартович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>