Парламент комитети Канттагы аба базасы тууралуу жаңыланган келишимди колдоду

Парламент комитети Канттагы аба базасы тууралуу жаңыланган келишимди колдоду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Канттагы авиабаза тууралуу макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоду.

Талкуу учурунда комитет төрөгасы Исхак Пирматов бул маселе саясатташып кеткенин, коомчулукка туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтты.

“Канттагы аба базаны ижарага берүү тууралуу келишимге 17 жылдын жүзү болуп жатат. 2012-жылы өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы келишимдерди кабыл алганбыз.  Тагыраагы, 2016-жылы буга чейин ижарага берилген жерлерди биргелешип инвентаризация кылганда 17 гектар жер ашыкча чыгып калган. Биз буга Кыргызстандын кызыкчылыгын камтыган 1-2 пункту гана киргизип жатабыз .Буга байланыштуу ал жер үчүн кошумча жыл сайын 291 миң доллар акча төлөнсүн деген максатта өзгөртүүлөр сунушталды”, – деди ал.

Пирматов белгилегендей, протокол боюнча, авиабазанын учуп-конуу тилкеси оңдоого муктаж. Бирок аны Кыргызстан оңдой албайт, Орусия бул үчүн 2 миллиард доллар акча сарптайт.

Буга чейин аталган протокол боюнча мыйзам долбоор аталган комитеттин күн тартибине үч ирет киргизилип, кайра алынган. Анда Орусия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганын жана жер орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Мындан улам айрымдар» жер орус тарапка өтүп жатат деп тынчыздануусун» билдиришкен.

Кийин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жерди Орусиянын менчигине өткөрүп берүү мүмкүн эместигин айткан.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>