Дүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?Садыр Жапаров полимер түтүктөрүн чыгарган «Эл Пласт» заводуна бардыУКМКнын үч кызматкери ишкерлерден акча опузалоого шектелип кармалдыАдылбек Касымалиев Германиянын ТИМинин мамлекеттик министри Гюнтер Крихбаум менен жолугушту
Парламент Курманкул Зулушевдин кызматтан кетүүсүнө макулдук берди
05.06.2024 | 10:36
Жогорку Кеңеш башкы прокурор Курманкул Зулушевди кызматтан кетүүсүнө макулдук берди.
Аталган маселе бүгүн, 5-июнда парламенттин жыйынында каралды.
Президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Зулушев кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди. Жыйынтыгында Курманкул Зулушевдин отставкасын 58 депутат колдоп, бирөө каршы деген добуш берди.
Эскерте кетсек, Зулушевдин кызматтан кетүүгө арыз жазганы тууралуу 3-июнда белгилүү болгон. Анын ордуна Ош облусунун прокурору Максат Асаналиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
https://reporter.kg/bashky-prokurorlukka-maksat-asanaliev-korsotyldy/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом