«Кыргызсериал» тик форматтагы сериалдар сынагын жарыяладыКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырды
Парламент Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кылып дайындоого макулдук берди
23.10.2024 | 11:14
Парламент Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындоого макулдук берди.
Сатыевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-октябрдагы жыйынында каралды. Анын төрага болушун 75 депутат колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок.
Эми Медербек Сатыевди төрага кызматына дайындоо тууралуу президент жарлык чыгарышы керек.
Эскерте кетсек, буга чейин төрагалык кызматты Замирбек Базарбеков ээлеп келген. Ал кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 9-октябрда белгилүү болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом