Парламент өзүн-өзү таркатууга даярбы? Комитеттин сунушу каралды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети VII чакырылыштын өзүн-өзү таркатуу сунушун карады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Комитеттин жыйынында депутат Улан Примов демилгечи топто 32 депутат бар экенин билдирди.
Ал белгилегендей, президенттик жана парламенттик шайлоолордун ортосундагы аралык эки айга жетпеген убакытты түзүп, өлкөнүн саясий туруктуулугун жана системасын бекемдөө максатында депутаттар өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүүнү сунуштап жатышат.
Ошондой эле Улан Примов шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү маселесин да өзгөчө баса белгиледи. Жыйынтыгында комитет сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна жиберип, парламенттин жыйынында талкуулоо үчүн күнүн аныктоо максатында Координациялык кеңештин карап чыгышын сунуштады.