Парламенттик шайлоо: БШК шайлоо округдарынын чек араларын бекитти

02.10.2025 | 11:32

Борбордук шайлоо комиссиясы 1-октябрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-октябрына карата өлкөдө жалпысынан 4 млн 287 миң шайлоочу катталган.  Бул көрсөткүчкө ылайык, республика 30 көп мандаттуу шайлоо округуна бөлүнгөн. Алардын ар биринде орточо эсеп менен 142 900 шайлоочу катталган.

Шайлоо округдарынын толук тизмеси жана чектери бул жакка тиркелген.

БШК шайлоо округдарынын чек аралары бекитүү чечими президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле жумушчу топтун мүчөлөрү менен кеңири талкуу өткөрүлүп, бардык аймактардын пикирлери жана сунуштары кылдат каралгандан кийин кабыл алынганын билдирди.

Scroll to Top