Эсептөө палатасынын Ош шаарынын бюджетине жүргүзгөн аудити: 2,5 млрд сомдук карыз жана документсиз курулуштарКРде биринчи жолу бейтаптын жүрөгүнө электродсуз кардиостимулятор орнотулдуАдылбек Касымалиев БУУнун эки экономикалык комиссиясынын жетекчилери менен жолуктуЭми кыргызстандыктар Кытайга малина, бүлдүркөн жана карагатты экспорттой алышатКыргызстанда пайдубалы толук бүтө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салындыКыргызстанда 62 миң сом төлөмү менен «Манасчы» макамын киргизүү сунушталууда
Бишкекте ресторанда кызды тепкен жаран кармалды
02.10.2025 | 11:30

Бишкекте социалдык тармактарда тараган кызды тепкен видео боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-октябрда милиция кызматкерлери социалдык тармактарды мониторинг кылуу учурунда 7-апрель көчөсүндөгү ресторанда белгисиз адамдын кызды тепкен видеосун аныктаган.
Окуя маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө 1995-жылы туулган А.К. аттуу жаран «Майда бейбаштык» беренеси (КЖКнын 126-беренеси) боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.