Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Партиялар БШКга 5 күндүн ичинде шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөрүн жөнөтүүсү керек
30.08.2021 | 11:27
Саясий партиялар 5 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүшү керек. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
БШКнын маалыматына караганда, 29-августта парламенттик шайлоонун календарлык планы бекитилди.
Ага ылайык, 3-сентябрда, саат 18:30га чейин партиялар тийиштүү маалымдаманы Боршайкомго жиберүүгө тийиш. Ал эми 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек.
Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Тактап айтканда, 54 депутат партиялык тизме менен шайланса, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28 -ноябрда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат