Пенсиянын өлчөмү 10-октябрдан баштап жогорулайт

Пенсиянын өлчөмү 10-октябрдан баштап жогорулайт

Кыргыз жарандары 10-октябрдан тартып жогорулатылган пенсия ала баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.

Мукамбетовдун айтымында, 9-сентябрдагы токтомго ылайык, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулаган.

“Пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сом болсо, 1-октябрдан баштап ал 3170 сомго көтөрүлдү. Мындан сырткары, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулады. 2022-жылдын аягына чейин пенсиянын базалык бөлүгүн төлөөгө бюджеттен 3 млрд 83 млн сом бөлүнгөн. Пенсиялык фонддон 1 млрд 341 млн сом пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө жумшалат. Жогорулатылган пенсия 10-октябрдан баштап берилет”, — деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсия көтөрүлөрүн 10-сентябрда билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>