Премьер-министрликке Кубатбек Боронов көрсөтүлүүдө

Премьер-министрликке Кубатбек Боронов көрсөтүлүүдө

Учурда өкмөт башчынын милдет аткарып жаткан биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов көпчүлүк коалициядан премьер-министрликке талапкер катары тандалып алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары билдиришүүдө. 

Буга чейин аталган кызматка Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев каралып жатканы айтылган.

Белгилейт кетсек, кечээ, 15-июнь күнү кечинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Ал радиожыштыктар чуусунан, ага байланыштуу тергөө иштеринен улам белгисиздик абал өкмөттүн толук кандуу ишине тоскоолдук келтирерин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>