Президент Сооронбай Жээнбеков эртең Орусияга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков эртең Орусияга барат

Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин катышуусунда өтөт. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Кремль сарайында өтө турган иш-чарада Кыргызстанда жана Орусияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерттин өтүшү күтүлүүдө.

 Президент Сооронбай Жээнбеков 27-28-февралдагы иш сапарынын жүрүшүндө Орусиянын президенти, премьер-министри жана Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары менен жолугат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>