Президент өлкөнүн 4 аймагында өзгөчө абал режимин 10- майга чейин узартты

Президент өлкөнүн 4 аймагында өзгөчө абал режимин 10- майга чейин узартты

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылат. Бул тууралуу Презденттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынган.

Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда 10-май күнүн кошуп эсептегенде өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешкен.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

«Өкмөт, бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин  бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү  сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», — деп баса белгилеген Мамлекет башчысы.

Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>