Президент 2026-жылдагы жазгы жана күзгү аскерге чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду

10.02.2026 | 12:03

Өлкө башчы Садыр Жапаров 18 жашка толгон эркек жарандарды жазгы жана күзгү аскерге чакыруу жана аскердик мөөнөтүн өтүп бүткөн аскерлерди запаска бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын март–май жана сентябрь–ноябрь айларында аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу жүргүзүлөт. Ага чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакырууну кийинкиге калтыруу укугу жок же бул укуктан ажыраган эркек жарандар чакырылат.

Ошону менен бирге, аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн жарандар Куралдуу күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын катарынан запаска бошотулат.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top