Президент бензиндин литринен алынган бир сом кайда жумшаларын айтты

Президент бензиндин литринен алынган бир сом кайда жумшаларын айтты

Айылдарга гана эмес, жайлоолорго чейин бара турган жолдор жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда жолдорду билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон чогулта турган Жол фонду түзүлдү.

«Делегаттардын бири белгилегендей, 2025-жылдын 1-январынан тарта бензиндин жана дизелдик отундун ар бир литринен бир сомдон чогулта башташат. Бул тууралуу өткөн курултайда да айткам. Бул боюнча биз бир жылдан бери иштеп жатабыз, эми бул каражат Кыргызстандын бардык аймагындагы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө гана жумшалат», — деп түшүндүрдү ал.

Мамлекет башчы Жол фонду кандай иштерди аткара турганына токтолду.

«Бизде 1 млн унаа бар. Айрым айдоочулар унаасын бир айда бир-эки жолу айдайт. 50-100 литр коротот дейли. Кээ бирөөлөр күнүгө 100 литр коротуп айдайт. Анан жолду ошолор талкалап жатпайбы. Кимдин унаасы болсо, асфальтка акча төлөп койсун да. Азыр биз республикалык бюджеттин эсебинен жолдорду жасап жатабыз. Дагы алдыда 10-15 жыл каражат бөлүп беребиз. Ал эми ушул фонд жолдордун абалын карап, бузулуп калса, оңдоо иштерин жүргүзөт. Мына ошондо калыс жана адилеттүү болот», — деди президент.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: жол фонду

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>