Президент «Манас» аэропортунда. Кыргызстан Борбор Азиянын авиациялык борборуна айланат
Бүгүн, 8-октябрда президент Садыр Жапаров «Манас» эл аралык аэропортунда жүрүп жаткан реконструкция жана кеңейтүү иштеринин абалы менен таанышты.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, мамлекет башчысы аэропорт – Кыргызстандын эл аралык жүзү жана аброю экенин белгилеп, аны Борбор Азиядагы заманбап авиациялык хабга айлантуу максаты ишке ашып жатканын айтты.
Учурда аэропортто учуп-конуу тилкеси, жарыктандыруу системалары жана терминал комплекси толук жаңыртылууда. Иштер аяктагандан кийин «Манас» аэропорту ИКАО уюмунун III категориясынын талаптарына жооп берет.
Президент авиация тармагындагы өзгөрүүлөргө токтолуп, акыркы эки жылда 8 млрд сомдон ашык каражатка инфраструктура жаңыртылганын, Asman Airlines жаңы учактарды сатып алып, эл аралык деңгээлге чыгууга даярданып жатканын билдирди.
«Кыргыз авиациясынын жаңы доору башталды. Аэропортторубуз дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Бул — элдин ишеними жана мамлекеттик колдоонун жыйынтыгы», — деди президент.
Ошондой эле «Ош», «Нарын», «Талас», «Казарман», «Каракол» жана «Ысык-Көл» аэропортторунда ири долбоорлор ишке ашып жатканын кошумчалады.