Түркия Кыргызстандын выпустил памятную монеталарды “Кароо-кесүү”ЕАЭБдеги өнөр жай өнөктөштүгү: Кыргызстан компьютердик техника өндүрүшүнө кошулдуБишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырды
Президент медицина кызматкерлеринин маянасы көбөйтүлөрүн билдирди
14.05.2025 | 10:41
Жакынкы арада медицина кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров кечээ, 13-майда Сузак районундагы Эне жана баланы коргоо борборунун ачылыш аземинде билдирди.
Өлкө башчы аталган оорукана менен таанышуу учурунда кызматкерлер менен баарлашып, алардын маянасы тууралуу сурап, жакынкы арада көбөйөрүн айтты.
Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев медициналык мекеменин кызматкерлери кызматтык турак жай жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан батирлер менен камсыздала турганын кошумчалап, ошондой эле эмгек акы фондун эки эсеге көбөйтүлөрү жөнүндө айтып берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом