Президент медиктерге менен ыктыярчыларга ырахмат айтты – сүрөт

Президент медиктерге менен ыктыярчыларга ырахмат айтты – сүрөт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июлда, Бишкектеги биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган түнкү стационардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов президентке маалымат берип, 9 күндүзгү стационардан тышкары, медициналык жардам алуу үчүн 2 түнкү стационар ачылып жатканын айткан.

Түнкү стационарлардын ишине чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин ичинен ыктыярчы-медиктер тартылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков медициналык персонал менен баарлашууда күнү-түнү бейтаптарга медициналык  жардам көрсөтүп жатышкан медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирип, айлык маянасын көбөйтүп жатканын, аларды өзгөчө камкордукка алаарын айткан.

Мамлекет башчысы ошондой эле коронавирус менен күрөшүүдө Кыргызстанга жардам көрсөтүү үчүн чет өлкөлөрдөн келген мекендеш-медиктердин позициясын өзгөчө ыраазычылык менен белгиледи.

Президент мындан сырткары медиктерди өзгөчө камкордукка алган ыктыярчылардын ишине дагы токтолуп өткөн.

«Бүгүнкү күндө ыктыярчылардын эмгеги баа жеткис. Мындай уул-кыздарыбыз турганда илдетти жеңерибизге бекем ишенем. «Жабыла көтөргөн жүк жеңил» дейт элибизде. Калк башына түйшүк түшкөндө ынтымакташа кол сунган ыктыярчыларга ыраазычылык билдирем», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Элдин күчү биримдикте, ынтымакта жана тартипте экенин айтуу менен сөзүн жыйынтыктаган.
[su_image_carousel source=»media: 34984,34982,34981,34980,34979,34978,34977,34976,34975,34974,34983″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>