ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Президент Нарын облусундагы өкүлүн кызматтан бошотту
04.07.2022 | 13:46
Сабыркул Ашимбаев президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
“Конституциянын 71-беренесине ылайык, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ашимбаев Сабыркул Абасович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом