Президент Олег Панкратов менен Назгүл Ташпаеваны кызматтан бошотту

Президент Олег Панкратов менен Назгүл Ташпаеваны кызматтан бошотту

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Олег Панкратов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Ошондой эле берген арызына ылайык, Назгүл Ташпаева Президенттик аппараттын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду.

Мурдагы экономика министри Олег Панкратов Президенттин кеңешчиси болуп 2019-жылдын июль айында дайындалган. 

Ташпаева болсо бул кызматка ушул жылдын январь айында барган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>