Президент: Өлкө паспорту мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт

Президент: Өлкө паспорту мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт

Кыргызстандын паспорту мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

Жапаров мурда өлкө паспорту чет элдиктерге сатылган учурлар болуп келсе эми ал документ Кыргызстанда чыгарыла баштагандыктан, андайга жол берилбей турганын белгиледи.

«Баарыңыздарга белгилүү болгондой, паспорт, ID карт жана башка документтердин баары өзүбүздөн чыга баштады. Буга чейин «чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен» деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат.

Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп. Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт!», — деди ал.

Президент өлкө жарандары үчүн ID карттарды акысыз алмаштыруу боюнча 2 айлык акция уюштурула турганын билдирди.

«Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт. «Учкун» мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июлга даяр болгула. Андан кийин адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы 600 сомдон алмашылат. Ошондуктан ID картыңарды бекер алмаштырганга шашылгыла.

Ал эми жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каржылык күчүбүз жете элек. Күчүбүз жеткен күнү жалпы жарандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция өткөрөбүз. Ушул жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук өтүп кетишибиз керек», — дейт ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>