Президент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катышты

Кечээ, 12-сентябрда президент Садыр Жапаров Алай районунун Гүлчө айылында өткөн XIX кылымдагы чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Мааракенин алкагында Алымбек датканын өмүр жолун жана доорунун маанилүү учурларын чагылдырган даректүү тасма менен театралдаштырылган пролог көрүүчүлөргө тартууланды.
Куттуктоо сөзүндө Садыр Жапаров Алымбек датканы көрөгөч көсөм жана кеменгер мамлекеттик ишмер катары баалап, анын мурасы бүткүл кыргыз эли үчүн сыймык экенин белгиледи. Президент кыргыз тарыхындагы бул инсандын ордун терең изилдеп, мамлекеттүүлүктү чыңдоодогу салымын сактап, кийинки муундарга өткөрүп берүү милдетин баса белгиледи.
Иш-чаранын соңунда президент «Айтыш» сынагынын жеңүүчүсүнө Ош шаарынан батир алуу сертификатын тапшырды. Ошондой эле ат оюндары — аламан байге, кунан чабыш жана жорго салыштын жеңүүчүлөрүнө автоунаалардын сертификаттары ыйгарылды.