Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылууда
13.09.2025 | 17:51

Кой-Ташта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык үйдүн жанында адамдар топтолгонун Атамбаевдин кызы Алия Шагиева соцтармак аркылуу билдирди.
Анын айтымында, үйгө ондогон адамдар келип, алардын айрымдары милиция формасында, кээ бирлери жарандык кийимде болгон. Алар документтерди көрсөтпөстөн эшикти күч менен ачышканын айткан.
Учурдагы маалыматтарга ылайык, үйдүн ичинен эмеректер чыгарылып жатат. Окуя болгон жерде күч органдарынын кызматкерлери да бар экени кабарланууда.
Расмий органдар тараптан азырынча комментарий берилген жок.
Рубрики: Жаңылыктар