Бишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылатДепутат Дастан Бекешев ОРТ баасынын жогорулашын сынга алды
Садыр Жапаров белгилүү ырчы жана ишкер Эмин Агаларов менен жолукту
07.04.2025 | 15:40
Садыр Жапаров ырчы жана ишкер Эмин Агаларов менен жолукту. Бул тууралуу ырчы Фейсбук баракчасына жазды.
Анда ырчы бир нече күндөн бери Кыргызстанда гастролдо жүргөнүн айтып, келечекте бул жакта курулуш долбоорлорун ишке ашырууну көздөп жатканын айткан.
«Бүгүн биз Кыргызстанда кызыктуу күн өткөрүп, дүйнөнүн эң кооз жерлеринин бири – Ысык-Көлдү көрдүк. Мамлекеттин кандай өнүгүп жатканын, жаңы долбоорлорго жана инвестицияларга даяр экенин көрүү абдан жагымдуу. Кабыл алуу жана меймандостугу үчүн Жапаров Садыр Нургожоевичке ыраазычылык билдирем»,— деп жазган ал.
Эмин Агаларов – азербайжандык сүрөтчү, Agalarov Development компаниясынын президенти, ZHARA Music Awards жана Dream Fest эл аралык музыка фестивалынын негиздөөчүсү.
Рубрики: Жаңылыктар