Өкмөт эмгек мигранттарына бериле турган квотаны көбөйттүЫсык-Көлдүн жээгин тазалаган. Садыр Жапаров экоактивист Андрей Панаевге унаа белек кылдыКамчыбек Ташиев Өзгөндөгү оорукананын эскилигин көрүп, жаңы имарат куруу тапшырмасын бердиКыргыз-казак чек арасында жүк ташыган унааларга электрондук кезек киргизилетАдылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга жаңы техникаларды тапшырдыБалыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолу эки тараптуу ачылды
Президент Жапаров Орус көркөм өнөр музейине барды – видео
27.12.2022 | 17:02
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин жетекчилери менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы Орус улуттук көркөм өнөр музейинде болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Шериктештиктин бейформал саммитине катышуу үчүн орус тараптын чакыруусу менен келген КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилерин музейде Владимир Путин тосуп алган.
Мамлекет башчылары Карл Брюллов, Иван Айвазовский, Федор Бруни жана академиялык мектептин башка чеберлеринин эмгектери коюлган Орус музейинин Михайловский сарайындагы экспозицияны кыдырып чыгышты.
Сапардын соңунда өлкө лидерлери расмий эмес эртең мененки тамакта аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом