УКМК укук коргоо органдарынын жетекчилерине эскертүү берди

УКМК укук коргоо органдарынын жетекчилерине эскертүү берди

УКМК аткаруу бийлик органдарынын, укук коргоо жана жергиликтүү көзөмөл органдарынын жетекчилерине кызматтык милдеттерине шалаакылык менен мамиле кылгандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

УКМК Нарын менен Жалал-Абадда милиция кызматкерлери тарабынан кылмышты жашыруу учурлары болгонун эске салып, бул жагдай мамлекеттик бийликтин аброюна терс таасир тийгизип жатканын билдирди.

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдардын, ошондой эле алар менен байланышта болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кармалышы облустук ички иштер башкармалыгынын жана көзөмөлдөө органдарынын айрым кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, аракетсиздик жана кылмыштарды жашыруу фактылары жөнүндө күбөлөндүрөт.

Өз кезегинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана прокурорлор жүктөлгөн милдеттерге ылайык мыйзамдуулукту жана биримдикти камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту чыңдоо, инсандын жана коомдун мыйзамдуу таламдарын коргоо, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн органдар болуп саналат. Бул жагдайлар мамлекеттик бийликтин аброюна терс таасирин тийгизип, ошондой эле өлкөнүн жетекчилигине элдин ишенимин кетирип, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча аракеттерди жокко чыгарууда», — деп билдиришти атайын кызматтан.

УКМК мамлекеттик бийлик органдарына жеке адамга, мүлккө жана коррупцияга каршы кылмыштар тууралуу билдирген жарандардын кайрылууларына жергиликтүү бийлик органдарынын кызмат адамдарынын аракетсиздиги жана шалаакылыгы кылмышкерлер менен шериктештик катары бааланарын жана анын кесепеттери болорун эскертет.

Кайсы бир криминалдык элементтердин курмандыгы болуп, укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чара көрүлбөгөн учурда УКМКга арыз түрүндө же 0312 660 475 ишеним телефонуна кайрылууга болот.

УКМК: Кылмыштуу топтун мүчөлөрү, милиция кызматкерлери кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>