Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Президент Жапаровдун инисине козголгон иш. Азыр эмне белгилүү?
20.02.2024 | 16:19
Президент Садыр Жапаровдун бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган иниси Улан Жапаровго козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган иш боюнча жалпы 6 адам айыпталуучу болууда: Ж.У.К., Ж.Т.Р., А.А.Ж., Ж.У.Р. (Жапаров Улан Ракымжанович), Ж.Ө.Э., Б.К.Н.
Соттук отурум 26-февралда саат 14:00до өтөт.
Эскерте кетсек, Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат. Ал 2023-жылы июль айынын башында бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалган. Улан Жапаров №1 тергөө абагында 3,5 ай камакта отургандан кийин 19-октябрда үй камагына чыгарылган.
Аталган кылмыш ишин ИИМ тергеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом