“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аталган мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөр кирди:
- Кыргыз ССРинде төрөлгөн, 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорт менен документтештирилген, ошондой эле Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган жана башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги жөнүндө арыз бербеген адам Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналат;
- Бала туулган учурда анын ата-энеси, же жалгыз атасы, же энеси Кыргызстандын жараны болуп саналса, чек арага чектеш мамлекеттин жарандыгын кошпогондо, баланын туулган жерине карабастан жана балада чет мамлекеттин жарандыгы бар экендигине карабастан, ал Кыргызстандын жараны болуп саналат;
- Бала Кыргызстандын аймагында төрөлсө, бирок анын ата-энеси же жалгыз атасы, же энеси этностук кыргыздар болуп, бирок чет өлкөнүн жарандары болсо, ал бала Кыргызстандын жараны болуп саналат;
- Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыктарына карама-каршы келген учурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгууга жол берилбейт.
Мындан тышкары Кыргызстандын жарандыгын жоготуу негиздери толукталды:
- Кыргызстандын жарандыгынан баш тартуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз болгондо чет мамлекеттин компетенттүү органынан ошол мамлекеттин жарандыгын алгандыгы жөнүндө маалымат түшүүсү;
- туулгандыгы боюнча Кыргызстандын жарандыгын албаган, бирок кийин жарандыкка кабыл алуунун натыйжасында Кыргызстандын жарандыгын алган адам Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген иш жүргүзгөндө, же чет мамлекеттин аракеттеги аскердик кызматында, укук коргоо органдарында же атайын кызмат органдарында кызмат өтөгөн учурда ал кыргыз жарандыгын жоготот;