Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Президент Жээнбеков Токаевге ыраазычылык билдирди
04.02.2020 | 12:21
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ага ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирет.
Президенттер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, жакынкы келечекке карай пландарды белгилешти.
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча Кыргызстандын жарандары Ухань шаарынан Нур-Султан шаарына Казакстан тараптын жардамы менен жеткирилип, андан ары аларды мекенине Бишкек шаарынан барган атайын учак жеткирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат