Бишкекте Кыргыз улуттук искусство университетине 5 кабаттуу жаңы корпус курулатБишкекте «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын издөөдө жүргөн жетекчиси кармалдыИсламдык банкинг реформасы: Улуттук банк ачык-айкындуулукту талап кылууда, ал эми сектор салык бюрократиясынан жана «ашыкча убаракерчиликтен» жабыркап келет26-март: Өлкө боюнча күн ачык болотМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалды
Президент Жетим-Тоо боюнча жалган айткандарды тартипке чакырууну тапшырды
14.08.2022 | 16:16
Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо боюнча жалган маалымат таратып жаткан адамдар бар экенин билдирип, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырды. Бул тууралуу ал Жетим-Тоо боюнча фейсбук баракчасындагы кайрылуусунда жазды.
Анын айтымында, учурда Жетим-Тоого байланыштуу эл арасында жалган маалымат таратып, бүлүк салган адамдар чыгууда.
“… Ошондуктан өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип жаткан “лжепатриоттор!”, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла.
Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?”, – деп жазган ал.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар