Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Президент Жетим-Тоо боюнча жалган айткандарды тартипке чакырууну тапшырды
14.08.2022 | 16:16
Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо боюнча жалган маалымат таратып жаткан адамдар бар экенин билдирип, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырды. Бул тууралуу ал Жетим-Тоо боюнча фейсбук баракчасындагы кайрылуусунда жазды.
Анын айтымында, учурда Жетим-Тоого байланыштуу эл арасында жалган маалымат таратып, бүлүк салган адамдар чыгууда.
“… Ошондуктан өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип жаткан “лжепатриоттор!”, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла.
Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?”, – деп жазган ал.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар