Президент Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

Президент Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Аларды издөө иштерине ӨКМ менен ИИМден кошумча күчтөр тартылды. Дрондор да колдонулат.

Ата-бала Көкөмерен дарыясына агып кетиши мүмкүн деп божомолдонгондуктан, аталган дарыя агып барган Токтогул районунда да издөө иштери жүргүзүлүүдө. Себеби Көкөмерендин суу бул районго тез агып барат.

Эскерте кетсек, Жумгалдын Өрнөк айылынын 49 жаштагы тургуну Болот Карыпбеков менен 9 жаштагы уулу 16-октябрда кой кезүүгө кетип, кийинчерээк байланышка чыкпай калышкан. ӨКМ билдиргендей, ата-баланын дайынсыз болуп жатканы тууралуу аларга 19-октябрда кабарланган. Издөө иштери ошол күнү башталып, ата-бала азыркыга чейин табыла элек.

Алардын атынын өлүгү Көкөмерендин жээгинен табылгандыктан, ата-бала сууга агып кеткен деп болжолдонууда.

27-октябрда Карыпбековдун апасы бийликке кайрылып, издөө иштерин жүргүзүп жаткан адамдарда керектүү техника жок экенин айтып, жардам сураган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>