БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Президенттин журналисттер менен жыйыны болбойт. Маалымат катчысынын түшүндүрмөсү
12.12.2023 | 13:08
Президент Садыр Жапаровдун жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болбойт. Бул тууралуу Reporter.kg’ге анын маалымат катчысы Аскат Алагазов билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчысынын декабрь айында иш графигинде бош убакыт жок. Садыр Жапаровдун бир нече аймактык жана чет элдик иш сапарлары пландалган.
“15-16-декабрь күнү Элдик курултай болот. Ага катышат. Коомду түйшөлткөн суроолор, сын пикирлер баары ошол жерде айтылат. Андан кийин өкмөттүн жылдын жалпы жыйынтыгы боюнча отуруму өтөт”, – дейт Аскат Алагозов.
Белгилей кетсек, өлкө башчысы былтыры дагы маалымат жыйын өткөргөн эмес.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом