«Биз сени унуткан жокпуз, бирок бирөөлөр эстеп да койгон жок». Баатыр инисин жоготкон аганын каты

«Биз сени унуткан жокпуз, бирок бирөөлөр эстеп да койгон жок». Баатыр инисин жоготкон аганын каты

2022-жылы 14-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга кол салган агрессиясынан улам Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза болгон. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 турган жараат алган.

Андан бир жыл мурун эле — 2021-жылы апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болуп, анда да жай тургундар, алардын арасында жоокерлер курман болгон.

2022-жылдагы куралдуу кагылышта мекенин коргоп баатырларча курман болгон жоокерлердин катарында Чыңгыз Акчалов да бар. Ал 1998-жылы 12-декабрда Таластын Бала-Саруу айылында туулган. 2022-жылы лейтенант наамын алып, зениттик-ракеталык батареянын командири болгон.

Бүгүн, 12-декабрда Чыңгыз Акчаловдун туулган күнү болгондуктан агасы Бекболсун Акчалов инисин эскерип жазды. Ошондой эле ал 2021 жана 2022-жылы чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлерге ушул күнгө чейин «баатыр наамы берилбей жатат» деген маселени көтөрүп, бул маселеге кош көңүл караган бийлик өкүлдөрүнө нааразычылыгын билдирди.

Чыңгыз Акчаловдун агасы Бекболсун Акчаловдун «Фейсбуктагы» баракчасына жазган каты:

«12.12 деген датаны календарь көрсөтөр замат, түнкү 12ден өткөндө мен ар дайым Чыңгызды туулган күнү менен куттуктачу элем. Бүгүн да саат он экиден өттү, бирок куттуктай турган иним да, сүйүнө турган күчүм да жок.

Чыңгыз төрөлгөндө мен эми төрт жарым жашка чыгып калган экенмин. Атам экөөбүз сүйүнчүлөйбүз деп таята-таенемдерге барганыбызды бүгүнкү күндө дале даана эстейм. Ошондо өзүмдүн бир тууган иним бул дүйнөгө келгенине абдан катуу сүйүнүп, кубанычым койнума батпай бардык жолуккан адамдарыма Чыңгыз тууралуу айтканымды эстейм. Үйүбүзгө кирип келген кичинекей бул кубаныч кийинчерээк менин жалгыз досума айланды. Себеби биз чабандын балдары жаныбызда кошуналарыбыз да жок, ойночу адамдарыбыз да жок эле. Тек гана Чыңгыз экөөбүз оюн ойноп, күлүп-жайнап жүрүп чогуу өстүк.

Акыркы жолу бетме-бет жолугушуубуз 2022-жылдын март айынын ортолорунда болду. Анда мен Баткенге барып, Меккеден келген жыпар жыттарды, Ажва курмасын белек кылып тапшырып келген элем. Ошодон баштап акыркы күнүнө чейин жүздөшүп көрүшө алган жокпуз. Себеби Чыңгыз милдет, мекен деп Баткенде, а мен болсо турмуш деп өз ишим менен башка жактарда жүрдүм. Эгерде ошондо акыркы жолку жолушуубуз экенин билгенимдечи?!

Былтыркы жылы каргашалуу Баткен окуясында мекенибизди коргоп, тажик баскынчыларынын мизин кайтарып жатып «Бөрү» отрядынын Зениттик-ракеталык батареянын командири улук лейтенант Чыңгыз Акчалов 16-сентябрда баатырларча курман болду (баатырларча экендигинде да шек-күмөн жок). Эгерде бүгүнкү күндө көзү тирүү болгондо бүгүн 25 жашка чыгып бардыгыбыз куттуктап жаткан болмок экенбиз.

Андан бери бир жылдан ашык убакыт өтсө да баатырларча курман болгон инилерибизге татыктуу эч бир наам, же эч бир өзгөчөлүк берилген жок. Аты өчпөй эскерилип калсын деген ата-энелер, биртуугандары Президенти баш, өкмөт башысы төш болуп кирбеген жерибиз, жолукпаган адамыбыз калган жок. 2022-жылы кайтыш болгон 49 баатырдын жакындары, 2021-жылы кайтыш болгон 3 баатырдын жакындары аракет кылып чуркасак да эл алдына чыгып унутпайбыз деген курулай сөздөн, иштеп жатабыз деген учу жок убадалардан, аты сакталып калышына бут тоскон адамгерчиликсиз аткаминерлерден башка эч нерсеге дуушар деле боло элекпиз. Бардыгы эле баатыр дейт, бирок баатыр наамын бергенге аракет кылган адам жок. Кыскасы 52 баатырдын жакындары бушайман болуп эле бүттү. Эл башчылары менен кошо эл деле унутуп бүттү окшойт».

Чек арада мекен үчүн курман болгон жоокерлердин тизмеси

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>